Бишкекте 46 жаштагы аял үч эм төрөдү. Сүрөттөр

Бүлөнүн өспүрүм курактагы эки уулу бар экени белгилүү болду. Көз жарган эне менен ымыркайларды мэриянын өкүлдөрү барып көрүп, куттуктап келишти.
Sputnik

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык перинаталдык борбордо (№4 төрөт үйү — ред.) 46 жаштагы Айнура Жайнакова үч эм төрөдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматта ымыркайлардын экөө кыз, бирөө уул экени айтылат. 1,75, 1,27 жана 1,45 килограмм салмактагы наристелер менен энесин Октябрь акимиатынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Зарема Өмүрзакова менен Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуротова көрүп, куттуктап келишкен.

"Эненин абалы жакшы, ал эми балдар убактылуу жаңы төрөлгөндөр үчүн ылайыкталган реанимация бөлүмүндө", — деп айтылат маалыматта.

Жайнакованын өспүрүм курактагы эки уулу бар экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, дал ушул төрөт үйүндө үстүбүздөгү жылдын февраль айында төрт эм жарыкка келген.

Ал эми өкмөт үч эмдүү болгон үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон акча берүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.