Ошто 31 жаштагы келин үч эм төрөдү

Калаадагы төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм жарыкка келди. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын үчөө тең кыз.
Sputnik

ОШ, 19-ноя. – Sputnik. Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу башкы дарыгер Зейнеп Исраилова билдирди.

Маалыматка ылайык, үч кыз операция жолу менен 18-ноябрь күнү төрөлдү. Биринчи ымыркай 2,3, экинчиси 2,8, үчүнчүсү 2,1 килограмм салмакта жарыкка келди.

Үч эм төрөгөн эне  31 жашта,  Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылынын жашоочусу.

Ош шаардык төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм төрөлдү.