Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары тең чыкты

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, эки команда тең 2022-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын алкагында F тайпасындагы экинчи ордун сактап калуу үчүн ат салышты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Эки команда тең 2022-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынын алкагында F тайпасындагы экинчи ордун сактап калуу үчүн ат салышты.

Биздикилерди таанып жүр! КРдин футбол командасы тууралуу кызыктуу фактылар
Бул оюндан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын командалары бирдей балл алып, 7ден упай топтоду. Тайпалык рейтингде мурдагыдай эле япон оюнчулары 12 упай менен алдыда.

Белгилей кетсек, буга чейин эки команда 13 жолу беттешкен. Бүгүнкү мелдеш 14-жолугушуу болду.

Буга чейин Кыргызстандын командасы япон оюнчулары менен беттешип, 2:0 эсебинде утулган болчу.

Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши кандай болгонун онлайн репортаждан окуңуз.