Өкмөт үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон бермей болду

Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирмекчи. Бул жардам баланын кичине кезиндеги өнүгүүсүнө социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Үй-бүлөдө үч эм же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Мындан ары өкмөт үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө, ар бирине сүйүнчү иретинде 50 миң сомдон төлөп берет. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду", — деп айтылат билдирүүдө.

Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.

Бул жардам баланын кичине кезиндеги өнүгүүсүнө социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Төрт эм төрөгөн 27 жаштагы Нурайым: төрт жыл балалуу боло албай жүрдүк
Үй-бүлөлөрдү социалдык-экономикалык колдоо, балдарды толук кандуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо — өкмөттүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Баса, 2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Ага ылайык, Кыргызстанда төрөлгөн ар бир ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилет.

Белгилей кетсек, Ош шаардык төрөт үйүндө 18-ноябрь күнү үч эм төрөлдү. Үч эм төрөгөн эне 31 жашта, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылынын жашоочусу. Маалыматка караганда, Ош шаардык төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм жарыкка келди.