БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Тбилисиде полиция кызматкерлери парламенттин алдына нааразычылык акциясына чогулган элди кубалады. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазууда.
Күндүз парламенттин бардык кире беришине чатырлар тигилип, башкаруучу партиянын депутаттарын имараттын ичине киргизбей коюшкан. Акциянын уюштуруучулары менен оппозиция лидерлеринен парламенттин алдынан тарап кетүүсүн бир нече жолу өтүнүшкөн, бирок андан майнап чыккан эмес.
Окуя болгон жерге атайын кызматтын жоокерлери, суу аткычтар тартылган. Акциянын катышуучуларын Руставели проспектисине кысып, андан соң кубалашкан. Чогулгандарды таркатууда митингчилер каршылык көрсөткөн.
Ал ортодо нааразы болгондорду Батуми шаарынын тургундары да колдоп, өкмөт үйүнүн алдына чатырларды тигип, кармалгандарды бошотуу талабын коюшууда.
Митинг эмне себептен болууда?
Тбилисиде 14-ноябрдан бери нааразычылык акциялары токтобой келет. Ошол күнү парламент партиялык тизме менен шайлануу боюнча мыйзамды кабыл алган эмес. Чогулгандар өкмөттү таркатуу жана тез арада пропорциялык система боюнча парламенттик шайлоо өткөрүү талабын коюп жатат.