Венеция суу алдында калды. Жарым кылымдагы эң ири суу ташкындын видеосу

Венециянын тургундары акыркы бир жумада үч жолу суу ташкынына күбө болду. Шаардын 70 пайызы суу алдында калганы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Италиянын Венеция шаарында акыркы 50 жылдан берки эң ири суу ташкыны болуп жатканын The Guardian басылмасы жазды.

Акыркы жумада Венеция шаары үч жолу суу алдында калды. Жекшемби күнү, 17-ноябрда, суунун деңгээли 1,5 метрге көтөрүлгөн. Калаа бийлиги туристтердин жана шаардыктардын коопсуздугу үчүн Ыйык Марк аянтын кайтадан жапты.

Суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүктөн шаардын 70 пайызы суу алдында калган. Анын ичинде ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген имараттар да бар. Шаардагы музейлердин көбү жабылып, транспорт каттамдарына чектөө киргизилген. Ал эми жөө адамдар атайын салынган жолдор менен басууда.

Келтирилген чыгым болжол менен 1 миллиард еврону түзөт.

Венецияда ар төрт жыл сайын суунун деңгээли жогорулап турат. Бирок 115-125 сантиметрге көтөрүлүп, шаардын 10 пайызга жакын бөлүгүн гана каптайт.