Садыр Жапаров өлкө башчыдан ырайым сурап кайрылды

Шарабидин Токтосунов мыйзам боюнча ырайым катты президенттин аппаратынын алдындагы ырайым берүү комиссиясы 14 күндүн ичинде карап, мамлекет башчысына алып кире турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Абакта жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылды. Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Жапаров тийиштүү катты 16-октябрда жазган.

"Садыр Жапаров туугандары менен жолукканда алар президентке ырайым сурап кайрыл дешкен экен. Андыктан Жапаров президенттин атына тийиштүү катты 16-октябрда жазган. Анда атасы, апасы жана баласы кайтыш болгонун белгилеп, үй-бүлөсү кыйналып жатканын жазган. Ошондой эле ага коюлган айыптар боюнча күнөөсү жок экенин билдирген", — деди ал.

Садыр Жапаровдун уулу кагышкан унаада жаш үй-бүлө бараткан. Видео
Токтосунов мыйзам боюнча ырайым катты президенттин аппаратынын алдындагы ырайым берүү комиссиясы 14 күндүн ичинде карап, мамлекет башчысына алып кириши керектигин айтты. Өз кезегинде президент аны канааттандырат же баш тартат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жазасын өтөп жатат.