Мэрия шаардын көчөлөрүн ашыкча зым, кабелдерден тазалай баштады

Дем алыш күндөрү Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде интернет кабелдер иретке келтирилип, ашыкча зымдар тазаланган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Калаа тургундарынын коопсуздугу жана шаардын көркүн жакшыртуу үчүн муниципалитет көчөдө чубалып жаткан зым, кабелдерди иретке келтирүүнү баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Бул иш-чара "Бишкек свет", "Түндүк электр" ишканалары, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы, Мамлекеттик экологиялык инспекциясы жана аймактык башкармалыктар менен чогуу комиссиялык түрдө жүргүзүлүүдө.

"Менчик жана менчик болбогон байланыш ишканалары өз ишине кайдыгер мамиле кылат. Андыктан чубалжып жерде жаткан зым, кабелдерди көп көрөбүз. Бул  адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурат", — деп айтылат маалыматта.

Дем алыш күндөрү Москва менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде интернет кабелдери иретке келтирилип, ашыкча зымдар тазаланган.

Мэрия иретке келтирүү иштери уланарын айтты. Ошондой эле байланыш жаатында иштеген компанияларды ишине тыкан болууга чакырат.