БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнести коргоо боюнча кеңешме өткөрүп, укук коргоо органдарын сынга алды.
Аталган жыйында бизнести өнүктүрүү жана ишкерлердин укугун коргоо чаралары талкууланган.
"Тилекке каршы, бизге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мыйзамсыз аракеттери менен мамлекеттик саясатка көлөкө түшүрүп жатканы тууралуу билдирүүлөр келүүдө. Алар Президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөштүн максаттарына жетүү жолдорун жымсалдап жатат. Укук коргоо органдары ишмердүүлүгүнө терең анализ жүргүзүү, тобокелчиликтерди аныктоо жана жемкорлукка малынгандардан тазалануусу керек", — деди премьер-министр.
Ошондой эле Абылгазиев бизнести текшерүүгө карата жарыяланган мораторий алгылыктуу натыйжа бере баштаганын белгилеген.
"Коомдун эң прогрессивдүү бөлүгү деп эсептелген бизнес-коомчулук коргоого алынганын сезбей жатат жана укук бузууларга көп кабылууда.
Бул өлкөнүн инвестициялык климатына жана экономикалык абалына түздөн-түз таасир этет. Бизнести коргоо маселеси өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттардын бири болуп саналат", — деди Абылгазиев.
Соңунда өкмөт башчы бизнести коргоо үчүн экономика тармагындагы процесстердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыгууга тапшырма бергени айтылат.