Элчи: акыркы жылдары КРдин түштүк аймагынан Россияга 660 миң адам барды

Ош облусунан Россияга 200 миң киши эмгек мигранты болуп кетсе, болжол менен ушундай эле санда Жалал-Абаддан, ал эми Баткенден 260 миң киши барган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Акыркы жылдары Кыргызстандын түштүк аймагынан Россияга 660 миң адам барганын Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Григорьев билдирди.

КР менен РФтин кайчылаш жылы. Путиндин атайын өкүлү менен Разаков жолукту
Ал Кыргызстандын аймактык эксперттеринин "Пикир" аттуу клубу уюштурган "Орус тилинин кыргыз-орус аймак аралык экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү ролу" аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөгөн. Иш-чара Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылына арналып Ошто өттү.

Григорьевдин айтымында, акыркы жылдары Ош облусунан Россияга 200 миң киши расмий түрдө эмгек мигранты болуп кетсе, болжол менен ушундай эле санда Жалал-Абаддан, ал эми Баткенден 260 киши барган.

"Расмий тилди билүү кыргызстандыктарга сырттан байланыш түзүүгө жана иш табууга жардам берери белгилүү. Ошол себептен дагы үйрөнөм дегендер көп болсо керек. Байкашымча, Баткенге салыштырмалуу Ошто орусча жакшы сүйлөшөт", — деди элчи.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандагы орус тилинин маанилүүлүгү жана аны үйрөнүүдөгү көйгөйлөр тууралуу талкуулашкан.