Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Телман айылында туулган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Путин куттуктоосунда Кыргызстан Жээнбековдун жетекчилиги менен социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып жатканын белгилеген.

"Сиздин эки өлкө ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле Евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан ишиңизди жогору баалайбыз", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кайнатанын батасын алган келин. Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева жөнүндө 8 факты
Путин кыргыз-орус күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди жана эриш-аркак диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Андан сырткары, Путин Жээнбековго чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Сооронбай Жээнбековду бүгүнкү туулган күнү менен башка дагы бир катар мамлекеттердин президенттери куттукташты.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Телман айылында туулган. Бүгүн Жээнбеков 61 жашка толду.