Карагандада жол кырсыгынан кыргызстандыктар жабыркады

Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу жол тайгак болгондуктан рулду башкара албай калган. Бейтаптар оор абалда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Казакстандын Караганда облусунда эл ташыган автобус кырсыктап, кыргызстандыктар жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Жол кырсыгы 11-ноябрь күнү Акторгай районунда болгон. Алматыны көздөй багыт алган автобусту 38 жаштагы кыргызстандык айдап бара жаткан. Салондо 15 киши болгон.

Сокулукта мас айдоочунун айынан киши каза болду
Алдын ала маалымат боюнча, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калып, Volvo үлгүсүндөгү унаанын чиркегичине барып урунган. Экинчи транспортту Алматы облусунун 55 жаштагы тургуну айдап бара жаткан.

Окуянын кесепетинен сегиз киши жабыркады.

Акторгай райондук коомдук саламаттык башкармалыгынан билдиришкендей, Тажикстандын бир жараны реанимацияда оор абалда жатат. Дагы бири Балхаш шаарындагы борбордук ооруканага которулду.

Ал эми кыргызстандыктардын бири хирургия бөлүмүндө болсо, экинчиси Россиянын Коргоо министрлигине караштуу 454-аскер госпиталына (Караганда облусундагы Приозерск шаарында Россиянын аскер бөлүгү бар — ред.) которулду.

Тажикстандын эки жараны жана Караганда облусунун эки тургуну амбулатордук дарылануудан өтөт.