Жылдын эң сексуалдуу мырзасы тандалды

Актёр бул абдан жоопкерчиликтүү наам экендигин белгилеп, эми анын келбетин көрүп, сын айткысы келгендер көп болсо керек деген ою менен бөлүшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Белгилүү People журналы америкалык актёр, ырчы жана чыгармалардын автору Жон Леджендди "2019-жылдын эң сексуалдуу мырзасы" деп тапты. Бул тууралуу басылманын сайтында жазылган.

Ледженд бул жоопкерчиликтүү наам экендигин белгилеген. 

Жылдын эң сексуалдуу мырзасы тандалды
"Абдан сүйүндүм, бирок бир аз коркуп кеттим. Себеби бул абдан жоопкерчиликтүү наам. Эми мени чын эле келишимдүүбү деп сындагысы келгендер көп болсо керек", — деген актёр.

Былтыр аталган наамды британиялык актёр жана "Лютер" сериалынын жылдызы Идрис Эльба алган.

Жон Ледженд он ирет "Грэмми" сыйлыгын алган. Анын белгилүү ырлары болуп "All of Me", "Love Me Now", "Start a Fire", "One Woman Man" жана "Preach" чыгармалары эсептелет. Ал эми 2015-жылы Glory тасмасындагы мыкты ыры үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарын алган.