Командасына жан үрөп, дем берген япондор. Бишкектеги күйөрмандардын видеосу

Кыргызстан менен Япония курама командаларынын оюнун көрүүгө япон күйөрмандары чогулду. Айрымдары Кыргызстанда иштеп, жашаса, кээ бири атайын оюнду көрүү үчүн Япониядан келген.
Sputnik

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан жана Япония курама командалары беттешет. Мелдеш 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттын катышуучуларын тандоо турунун алкагында өтүүдө. Япон футболчуларын колдоо үчүн Күн чыгыш өлкөсүнөн 250дөй күйөрман чогулду. Айрымдары Кыргызстанда иштесе, кээ бири атайын оюнду көрүүгө келишкен.

Өзүн "кыргызча атым Жылдыз" деп тааныштырган япон кызы кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экен.

"Бишкекте туристтик фирмалардын биринде иштейм. Кыргызстандын элин, жаратылышын жакшы көрөм. Бүгүнкү футболду аябай күтүп жатканбыз. Япониянын командасы күчтүү, Япония утат", — деди Жылдыз.

Япония менен беттеше турчу КР командасынын курамы белгилүү болду
Кыргызстанда англис тилинен сабак берген Отсука Кей эки командага тең ийгилик каалап өттү.

Эске салсак, футбол беттеши бүгүн саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Стадион толуп, күйөрмандар көп болорун сатылган билеттердин калбай калгандыгынан баамдоого болот

Япониянын командасы F группасынын лидери. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда. Япониянын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турса, Кыргызстан 94-сапта.