БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Расул Усеналиев Бишкектеги Кыргыз-түрк "Манас" университетинин, Бишкек мамлекеттик университетинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана онлайн байланыш аркылуу Ош мамлекеттик жогорку окуу жайынын журналистика факультетинин студенттерине мастер-класс өттү.
Усеналиев болочок журналисттерге митинг, башаламандык, тополоң болгон учурда ЖМК өкүлдөрү кантип иштөөсү керектиги тууралуу тажрыйбасы менен бөлүштү.
"Митингдерди чагылдырып жаткан журналисттер биринчи кезекте өзүнүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Журналист калың топтун арасында жүргөндө ЖКМ өкүлү экенин белгилеген атайын "ПРЕССА" деген жазуусу бар күрмөлөрдү кийип алганы жакшы. Бул да өз кезегинде анын коопсуздугуна кандайдыр бир жардам берет. Себеби митингде жүргөндөр кишинин журналист экенин байкап, бир аз болсо да башкача мамиле кылат", — деди ал.
Усеналиев бүгүнкү күндө текст түрүндөгү маалыматтарга караганда көпчүлүк сүрөт, видеоматериалдарга көбүрөөк басым жасай турганын белгиледи. Мындан улам журналист окуя болуп жаткан жерде жаңылыкты биринчилерден болуп берүүгө аракеттенип, ал сапаттуу сүрөт, видеолор менен коштолушу керектигин кошумчалады.
Мастер-класс учурунда студенттер өздөрү кызыккан суроолорду берип жооп алышты. Онлайн байланыш менен Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин студенттери да өздөрү кызыккан суроолорду берди.
SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.
Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялар жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.
Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.
Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.
Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.