Саймаитини өлтүрдү деп шектелгендер Кыргызстандын жараны эмес болуп чыкты

Кылмыш 10-ноябрь күнү болгон. Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган үч кишинин экөө кыргызстандык деген маалымат тарап, ТИМ аны текшерип жатканын кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы кытай жараны Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү деп кармалган Хусейн Ахметалиев жана Абдулла Энвер Кыргызстандын жараны эмес экенин билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөндөргө Кыргызстандын паспорту берилген эмес.

ИИМ киши колдуу болгон Саймаити Кыргызстанда эмне кылмыш кылганын айтты
Белгилей кетсек, кытайлык ишкер Айэркен Саймаити Түркиянын Стамбул шаарында атып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары үч киши кармалып, экөө кыргызстандык, бирөө сириялык экени тууралуу маалымат тараган. Ал эми окуя болгон жерден кыргыз консулдугуна тиешелүү жолтандабас табылып, башкы консул Эркин Сопоков иштен алынган.

Тышкы иштер министрлиги шектүүлөрдүн жарандыгы тууралуу кабар текшерилип жатканын билдирген. 13-ноябрь күнү Жогорку Кеңеште ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Саймаити кытай жараны болгонун, 2017-жылы ишкер жердешин үч миллион доллардан ашуун акчага алдап, ага иш козголгонун кабарлаган. Киши колдуу болгон ишкер эки жылдан бери Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө болчу.