ТИМ: Стамбулдагы экс-консул Сопоков мыйзам алдында жооп берет

Депутат Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлиги буга чейин Сопоков жол эрежелерин бузганы боюнча да маалымат таратканын айтып, анын айыптарын ким төлөгөнүнө кызыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Стамбулдагы экс-башкы консул Эркин Сопоков мыйзам алдында жооп берерин айтты.

ТИМ: Саймаитини өлтүрдү делгендердин жанында КР паспорту жок болчу
Ал министрлик быйыл жыл башында чет жактагы бардык элчиликтер менен консулдуктардан колдонгон номерлер боюнча автоунаалардын тизмесин берүүнү талап кылганын белгиледи. Жыйынтыгында мурдагы консул Эркин Сопоковго сөгүш жарыяланып, айдоочусу иштен алынган.

Депутат Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлиги буга чейин Сопоков жол эрежелерин бузганы боюнча да маалымат таратканын айтып, анын айыптарын ким төлөгөнүнө кызыкты.

"Сопоков төлөгөн жок. Автоунаа анын атына жеке машина катары катталган. Аны сатуу үчүн жеке компанияга берип койду, эми ал мыйзам алдында жооп берет", — деди Айдарбеков.

Эркин Сопоков мамлекет башчынын Жарлыгы менен кызматтык эрежелерди бузду деген негиз менен иштен алынган болчу

Белгилей кетсек, Сопоковго таандык Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн аймактан алыс эмес жерден табылган.