Назарбаев Россия — Украина ортосуна арачы болуу максатында. Кремль эмне деди

Буга чейин Казакстандын мурдагы башчысы Нурсултан Назарбаев Украина менен Россия президенттерине казак жергесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан баш тартпайт, болгону аны жакшылап уюштуруу керек. Бул туурасында Россия жетекчисинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун пикирин РИА Новости жазды.

Путин менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду?
Ал бирок азыр бардыгы "норман форматына" алагды болуп жаткандыктарын айткан.

Буга чейин Казакстандын мурдагы башчысы Нурсултан Назарбаев Украина менен Россия президенттерине казак жергесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган. Экс-жетекчи Украина башчысынын бетме-бет жолугушууга макулдук бергенин айтып, бул маалыматты Россиянын лидерине билдирген.

Песков Кремль Назарбаевдин жана казакстандык өнөктөштөрдүн, Нур-Султандын Россия-Украина мамилесин оңдоого кылган аракетин жогорку баалай турганын белгилеген.

Ал Путин "бул мамилелердин кайра жандануусуна — кадыресе калыпка келишине кызыкдар экендигин, бирок Киевдин каалоосу болбосо эч нерсе жасоого мүмүкүн эместигин айткандыгын" билдирди.

"Албетте, Путин мындай жолугушуулардан жана бул жолкусунан баш тартпай тургандыгын айтты. Бирок пайдасы аз болгондон көрө майнаптуу кылып, жакшылап даярдап өткөрүү керек деп эсептейт. Мындан улам биз азыр "норман форматы" боюнча процессти даярдоого алагды болуп жатабыз. Ага чейин Минскидеги жолугушууда өзүбүзгө алган милдеттенмелерди аткарышыбыз керек", — деген Песков.

Журналисттер Песковго Путин сунуш тууралуу алдын ала билди беле деген суроо узатты. Ал маектешүү "өз ара келишүүчүлүктө" болгонун жана сунуш дал ошол учурда айтылгандыгын билдирген.