Тогуз айда Кыргызстанга которулган акча 200 млн. долларга азайды

Бул жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жиберген маалыматтары. Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанга 1,8 миллиард доллар которулган.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Былтыркы жылга салыштырмалуу үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанга акча которуу 191 миллион долларга азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Кеп акча которуу системасы аркылуу жиберген жеке тараптар тууралуу болуп жатат.

Ушул жылдын январь-сентябрь айында көрсөткүч 1 миллиард 780,3 миллион долларды түзгөн. Ал эми былтыр өлкөгө 1 миллиард 971,7 миллион доллар түшкөн болчу.

Улуттук банк жаңы коллекциялык тыйындарды сатыкка чыгарды. Баасы жана сүрөтү
Эгер январь-сентябрь айларын эске алганда, бул 2005-жылдан бери үчүнчү көрсөткүч болуп жатат. Экинчи рекорд 2017-жылы (1 миллиард 840 миллион), үчүнчүсү былтыр катталган.

Эске сала кетсек, Россия жазында Кыргызстанга акча которуу боюнча чектөө киргизген. Эми коммерциялык банктарга "Золотая корона — денежные переводы" кызматы аркылуу которулган акча 100 миң рублден (108 миң сом) ашпашы керек. Россиялык ЖМКлар өз булактарына таянып, мындай жол менен көмүскө экономика, анын ичинде каттоосу жок ишкерлик менен күрөшүү жүрүп жатканын жазышкан.

Жакында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чектөөнү алууну сунуштаган. Учурда маселе ЕАЭБ мамлекеттеринин борбордук банктарында талкууланууда.