Акжолтой Канат уулу менен жубайынын сөөгү жерге берилди

Акжолтой белгилүү акын Майра Керим кызынын кичүү уулу болчу. Жубайлардын андан улуу бир уул, бир кызы бар экени, алардын Казакстанда жашай турганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Жол кырсыгынан каза болгон акын Акжолтой Канат уулу менен жубайы Изарддын сөөгү Тоңдун Ак-Сай айылында жерге берилди.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатында митинг өтүп, үзөңгүлөш жүргөн акындар жоктошту. Акжолтой менен Изарддын сөөгү Майра Керим кызынын жанына коюлду.

Буюрбай калды... Акжолтой Канатбек уулу тууралуу 6 факты
Белгилей кетсек, каргаша 11-ноябрга караган түнү болгон. Акжолтой бүлөсү менен кетип бара жаткан Subaru Impreza үлгүсүндөгү машинада дагы үч бала болгону айтылды. Балыкчыдан Кочкорго келе жаткандар каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаа менен кагышып, унаа ичиндеги төртөө мүрт кеткен. Дагы бир жигиттин Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө экени маалым.

Каза болгондор 27, 26, 19 жана 25 жаштагылар экени белгилүү болду.

Акжолтой белгилүү акын Майра Керим кызынын кичүү уулу болчу. Жубайлардын андан улуу бир уул менен бир кызы бар экени, алардын Казакстанда жашай турганы айтылат.