Бишкек: Япония командасы беттешүү алдында биринчи машыгуусун өткөрдү. Сүрөт

Кыргызстан менен Япониянын футболчуларынын оюну 14-ноябрда борбордук стадиондо өтөт. Атаандаштардын командасы Бишкек шаарына дүйшөмбү күнү келди.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Япониянын футбол боюнча курама командасы беттеш алдында Бишкек шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү. Бул туурасында КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

Бир сааттык машыгуу "Дордой" спорт комплексинде өттү. Команда Бишкекке кечээ келип түшкөн.

Кыргызстан менен беттешчү япон футболчуларынын баасы жана ойногон клубдары
"Самурайлар" 2022-жылда боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы менен ойнойт.

Беттеш 14-ноябрда борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Япония 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун экинчи этабындагы F группасынын сап башында турат. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда бара жатат.

Дүйнөлүк рейтингде Күн чыгыш өлкөсүнүн футболчулары 28-орунда, ал эми Кыргызстан 94-орунда турат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.