Кафе, авиакасса, банк... Жогорку Кеңештин имаратында кимдер ишкерлик кылат?

Жогорку Кеңештин имаратында ишкерлик кылган бир нече ишкана бар. Алардын катарына банктар, ашканалар, авиакасса жана дарыкана кирет.
Sputnik

Буга чейин Sputnik Кыргызстан өлкөнүн аймагында ишкерлик кылган компаниялар, алардын ээлери, мамлекетке төлөгөн салыктары тууралуу жазып келген. Ал эми бүгүн өлкөдөгү эң негизги имарат — Жогорку Кеңештин ичинде кимдер ишкерлик кыларына саресеп салып көрдүк.

Кызыгы, ушундай аттуу-баштуу жерде бизнес кылгандар айына ар бир чарчы метрине 200 сомдун тегерегинде гана акы төлөйт. Атургай 40 сомго жетпеген акча төлөгөндөр дагы бар. Алар кимдер десеңиз, макалага көз жүгүртүп коюңуз.

Маалымат Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынды. 

Кафе, авиакасса, банк... Жогорку Кеңештин имаратында кимдер ишкерлик кылат?

Парламентке кантип "кирсе" болот?

Бишкектеги эң көп салык төлөгөн 20 кафе менен ресторан. Тизме
"Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык, кайсы гана мамлекеттик имарат болбосун, ижарага берилчү аянты болсо, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аукцион жарыялайт. Ага каалоочу компаниялар же ишкерлер катышып, өз шарттарын сунуштайт. Эң пайдалуу сунуш ээси жеңүүчү деп табылып, имарат кайсы ишканага тиешелүү болсо, ишкер ошол мекеменин жетекчиси менен келишим түзөт. Азыркы мисалда ижарага алчу тарап Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы менен иш алып барат. Талапка ылайык, ижарага берүү келишиминин мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш. Андан соң ал жер башка ишкерге берилип, же ошол эле тарап менен жаңы келишим түзүлүшү шарт.

Алар кимге кызмат көрсөтөт?

Парламенттин имаратында жайгашкан ишканалар депутаттарга, Жогорку Кеңештин жана КР президентинин аппарат кызматкерлерине кызмат көрсөтөт.

Ижара баасын ким аныктайт?

Мамлекетке тиешелүү имаратта орун алып ишкерлик кылгандар ижара акысын Экономика министрлиги аныктаган нормаларга ылайык төлөйт. Баса, парламенттин ичинде бизнес кылам десеңиз, ар бир чарчы метрине 200 сомдун тегерегинде акча төлөйсүз. Анык баасы жайгашкан жерине, абалына жараша аныкталат.

Ижара акысы кимдин чөнтөгүнө түшөт?

Кыргызстандагы банктарга кимдер ээлик кылат. Кожоюндардын тизмеси
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы келишимди, ижара акысы тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна макулдашууга жөнөтөт. Ал карап чыгып, макулдугун берет же четке кагат. Мыйзамга ылайык, компания же ишкер төлөгөн ижара акысы толугу менен аталган фонддун эсебине түшүп, андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

Акы төлөбөй иштеген ишкана

Бул жерде акы төлөбөй иштеген бир гана ишкана бар — ал "Кыргыз почтасынын" филиалы. Мамлекеттик ишкана болгондуктан, мыйзамга ылайык, акы төлөөдөн бошотулган.

Ашканалар эмнеге аз төлөйт?

Таблицаны жакшылап карасаңыз, эки ашкана ээлеген аянты чоң экенине карабай азыраак акы төлөйт. Мисалы, 322 чарчы мерт үчүн 12000 гана сом. Тагыраагы, чарчы метр үчүн 40 сомго жетпеген акча. Көрсө, ижара акысын аныктоо инструкциясы боюнча, бир катар жеңилдиктер каралган экен. Биринчиден, режимдик объектидеги тамактануу жайы, экинчиден, жер төлөдө жайгашкан. Жеңилдиктердин үчүнчү себеби — ашкана кызматкерлер тамактанган учурда гана иштейт. Ага сырттан эч ким кирбейт.