Ноябрдын башында ун дагы кымбаттады

Буга чейин өкмөт бир жылдын ичинде биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын айткан эле.
Sputnik

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Ноябрь айынын биринчи аптасындагы мониторингге ылайык, Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы дагы жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Буга чейин өкмөт жыл башынан бери биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын айткан эле.

"Ун октябрь айында сентябрга салыштырмалуу килограммына 1,47 сомго (3,9 пайыз) кымбаттаган болчу. Ал эми бир жуманын ичинде дагы 40 тыйынга (1 пайыз) жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул тапта жогорку сорттогу буудай уну Бишкек шаарында 39 сомго, Ош шаарында 51 сомго, Ноокатта 50 сомго, Балыкчыда 45 сомго, Чаекте 36 сомго, Токтогулда 37 сомго, ал эми Баткенде 39 сомго бааланып жатат.

Буга чейин Sputnik агенттигине Тегирменчилер комитетинин мүчөсү Кубанычбек Кудайкулов ун канткенде арзандай турганын айтып берген.