Бишкекте Олимпиада чемпиону Осмоналиевдин байгесине арналган мелдеш болот

Москва Олимпиадасынын алтын байге ээси Каныбек Осмоналиевдин турнири быйыл 32-ирет өткөрүлөт. Ага Кыргызстанды кошпогондо Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан спортчулар келет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Борбор калаада оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Мелдеш 11-13-ноябрь күндөрү Кожомкул атындагы спорт сарайында болот. Турнир быйыл 32-ирет уюштурулмакчы. Ага Кыргызстанды кошпогондо Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан спортчулар катышары айтылды.

Ал эми спортчулардын салмак категориялары төмөнкүдөй:

Айымдар — 45 кг., 49 кг., 55 кг., 59 кг., 64 кг., 71 кг., 76 кг., 81 кг., 87 кг., +87 кг.;

Эркектер — 55 кг., 61 кг., 67 кг., 73 кг., 81 кг., 89 кг., 96 кг., 102 кг., 109 кг., +109 кг.

Волейболчу кыздар аймактык Азия чемпионатына катышат. Спортчулардын тизмеси
Аталган мелдешти өткөрүүгө спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан 1 миллион 240 миң сом каралган.

Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген. Ал оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону болуп, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада алтын медаль тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. Ал 30 жашында чоң спорттон кеткен.

Легендарлуу спортчу тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.