Уйкусу канбаган адамдын психикасы өзгөрөт. Иликтөөнүн жыйынтыгы

Уйкусуз өткөн түндөн кийин мээнин кооптуулук тууралуу сигнал берчү бөлүгү олку-солку иштей турганы аныкталган. Мындан тышкары, окумуштуулар начар уйку стресске кабылуу ыктымалдуулугун 30 пайызга жогорулата турганын аныктап чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Калифорния штатынын Беркли шаарындагы университеттин илимпоздор тобу уйкусу канбаган адамдын стресске кабылуу ыктымалдуулугу жогорулап, тынчы кете баштай турганын аныкташкан. Окумуштуулардын чыгарган тыянагы менен Nature Human Behabiour басылмасынан таанышууга болот.

Иш үстүндө куш уйку салуу үчүн жетекчинин тилин кантип табыш керек?
Маалыматта экспериментке 18 жаштан 50 жашка чейинки 330 адам катышканы айтылат. Адистер алардын уйкусунун узактыгына жараша психикалык абалы кандайча өзгөрөрүнө көз салышкан. Бул үчүн ыктыярчылар эки лабораторияда болуп, биринчи түнүн уктабай өткөрсө, экинчисинде кадимкидей эле укташкан. Эртеси атайын даярдалган, кооптуулук жаратып, жийиркентчү видеороликтердин сериясын көрсөтүшкөн.

Натыйжада уйкусуз өткөн түндөн кийин мээнин кооптуулук тууралуу сигнал берчү бөлүгүнүн функциясы бузулуп калары аныкталган. Мындан тышкары, окумуштуулар начар уйку стресске кабылуу ыктымалдуулугун 30 пайызга жогорулата турганын аныктап чыгышкан.