Жалындаган өрт, күйгөн эт... Бишкектеги тез татым жайындагы жарылуудан 12 сүрөт

Sputnik

Бишкек: жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгып бараткан видео
Тез татым жайы Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайында жайгашкан. ӨКМге жарылуу тууралуу билдирүү 13:40та түшүп, жерине өрт өчүрүүчү бригадалар тартылган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кырсыктан жабыркагандардын саны 12ге жеткенин, жеринде тез татым жайынын бир кызматкери каза болгонун айтышкан. Бишкек милициясы өрт газ баллондордун жарылуусунан келип чыкканын билдирди.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себептерин тыкыр иликтеп, жабыркагандарга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

1 / 12
Түш ченде Бишкектин дал ортосунда Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги тез татымда жарылуу болду
2 / 12
Окуя болгон жерге ӨКМдин өрт өчүрүүчү үч бригадасы тартылды
3 / 12
Милициянын кайгуул кызматынын өкүлдөрү жарылуу болгон учурда тез татымдын имаратынын ичинен кызматкерлерди алып чыгышкан... Бирок...
4 / 12
Алардын айтымында, ошол жерде иштеген кызматкерлердин айрымдары терезеден ыргып кеткен
5 / 12
Милиция тез татымдын ичинде эки газ баллон жарылып, өрт чыкканын айтты
6 / 12
Саламаттыкты сактоо министрлиги жарылуунун кесепетинен 12 адам жабыркаганын билдирди
7 / 12
Жабыркагандардын үчөө — жаш балдар. Алар ооруканага жеткирилди. Ал эми тогуз чоң киши Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда
8 / 12
Күйгөн эт... Куткаруучулар тез татымга кошулган азыкты сыртка чыгарууда
9 / 12
ӨКМ өрттү саат 15:21де чектөөгө алды
10 / 12
Тез татым Бишкектин борборунда, "Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайында жайгашкан
11 / 12
Жарылуудан тез татымда иштеген кызматкер аял ичинде калып каза болду... Маркумдун сөөгүн ӨКМ куткаруучулары менен милиционерлер өрттөнгөн имараттан алып чыгышты
12 / 12
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыктын себебин тыкыр иликтөөнү тапшырма берди