Ысык-суукта ач-ток болгон журналисттер. Медиа өкүлдөрүнүн иш учурундагы сүрөтү

Sputnik

Өлкөдө журналисттер күн-түн дебей, ысык-суукка карабай окурмандарга маалыматтарды жеткирип келет. Кээде медиа өкүлдөрү жеке коопсуздугунан мурда материалды биринчи орунга койгон учурлар бар. Журналисттин бир күнү экинчисине окшобойт. Бүгүн президенттин колун кысып, жогорку адамдардын катышуусундагы иш-чарага барсаң, эртең материал үчүн таштанды аянтка жөнөп калышың толук ыктымал.

Сүрөт топтомдо медиа өкүлдөрүнүн жумушу чагылдырылган.

1 / 18
Кыргызстанда жыл сайын 7-ноябрда журналисттер менен басма сөз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет. Сүрөттө 24.kg сайтынын журналисти Аида Жумашева
2 / 18
Өлкөдө күн сайын ар кандай форматтагы жүздөгөн материалдар чыгат. Сүрөттө Sputnik агенттигинин кабарчылары Максат Элебесов менен Бакыт Толканов
3 / 18
Жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарчылардан тышкары фотограф, операторлор да эмгектенет. Сүрөттө "Азаттык" радиосунун жана сайтынын кабарчысы Гүлжан Турдубаева, ортодо Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкери Жанар Үсөнбек уулу
4 / 18
Көңүлдөгүдөй бир кадр үчүн бир топ күч, чыдамкайлык жана чыгармачылык талап кылынат. Сүрөттө Sputnik агенттигинин кабарчысы Мирбек Сакенов
5 / 18
Журналисттин бир күнү экинчисине окшобойт. Эртең эмне тапшырма аларыңды так билбейсиң. Сүрөттө "5-каналдын" журналисти Анастасия Кан
6 / 18
Эл ЖМК өкүлдөрүнүн даярдаган материалдарын окуганы менен көбүн жүзүнөн тааныбайт
7 / 18
Өлкөдө журналисттер күн-түн дебей, ысык-суукка карабай окурмандарга маалымат жеткирип келет. Сүрөттө Sputnik агенттигинин продюсери Эрнис Алымбаев жана оператор Эмил Садыров
8 / 18
Мындан тышкары, журналисттер топтогон тажрыйбаларын кесиптештери жана жаш журналисттер менен бөлүшүп турат. Сүрөттө Sputnik Кыргызстан агенттигинин шеф-редактору Эркин Алымбеков жана алып баруучу Вадим Такменев
9 / 18
Ар бир эле кесиптин кыйынчылыгы бар, журналистиканы аркалоо дагы оор. Сүрөттө NewTV телеканалынын журналисти Перизат Бакытова
10 / 18
Жумушта дайыма эле отуруп иштей албайсың. Сүрөттө Sputnik Кыргызстан агенттигинин SMM-адиси Досхан Нусупбеков
11 / 18
Кээде тизеге телефонду такай калып маалымат жазганга да туура келет. Сүрөттө "Азаттык" радиосунун жана сайтынын оператору Давран Эгембердиев менен 24.kg сайтынын журналисти Аида Жумашева
12 / 18
Учурдун журналистине жазып коюу жетишсиз. Өзү сүрөт, видеого тартып, монтаждап, андан да башка кызматтарын аркалагандар артыкчылыкка ээ. Сүрөттө Sputnik Кыргызстан агенттигинин оператору Эмил Садыров
13 / 18
Медиа өкүлдөрү иш учурунда миң түркүн адам менен жолугат. Сүрөттө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков менен ЖК депутаты Рыскелди Момбеков
14 / 18
ЖМК кызматкери карьерасында өлкө башчыны да көрөт
15 / 18
Президенттин чөйрөсүндөгү адамдарды дагы кезиктирбей койбойт
16 / 18
Sputnik агенттиги кесиптештерди майрамы менен куттуктап, окурмандардын саны калыңдашын, материалдардын мол болушун жана эмгек акынын жогорулашын каалайт. Сүрөттө Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери Асел Миңбаева, Максат Элебесов жана Бакыт Толканов
17 / 18
Кокус фотокабарчынын архивине баш багып калсаңыз, өлкөдөгү майрам, митинг, сулуулар сынагынан тарта саясий иш-чараларга чейинки ирмемдерди табасыз
18 / 18
ЖМКлар арасында атаандаштыкка карабай журналисттер достук мамилесин бекемдеп, жумуштан сырткары көрүшүп турушат. Сүрөттө АКИpress сайтынын кабарчысы Алтынай Жалмамбетова