Грэпплинг боюнча жаштар командасы Бакудагы дүйнө чемпионатына барат

Дүйнө биринчилиги 8-9-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт. Анда өлкө намысын 28 эркек жана жалгыз кыз коргомокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Грэпплинг боюнча жаштар арасындагы улуттук курама команда Азербайжанда өтө турган UWW (Бириккен күрөш уюму — ред.) версиясындагы дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Грэпплинг федерациясынан кабарлашты.

Япония менен Тажикстанга каршы ойной турган КР футболчуларынын тизмеси
Ага ылайык, мелдеш 8-9-ноябрь күндөрү Баку шаарында өтмөкчү. Мелдешке Кыргызстандын атынан 28 эркек жана бир кыз катышат. Спортчуларды федерация жетекчилиги менен машыктыруучулар коштоп кеткен.

Ал эми чоңдор арасындагы дүйнө чемпионаты 22-23-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өткөн. Турнирде алтын медалды кыргызстандык Абдурахманхаджи Муртазалиев тагына алган. Дагы башка спортчулар бир күмүш жана тогуз коло медаль алышкан.