ОшМУнун ректорлугуна төрт талапкер ат салышууда. Тизме

Талапкерлердин арасында мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын орун басары дагы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ош мамлекеттик университетинин ректорлугуна төрт талапкер ат салышууда. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Талапкерлерди каттоо 24-октябрда аяктап, 4-ноябрга чейин үгүт иштери жүргөн. Бүгүн, 5-ноябрда, университеттин башкы имаратында шайлоо өтүп жатат, жыйынтыгы кечке жуук чыгат.

Биринчи талапкер Кудайберди Кожобеков, 44 жашта. 2017-2019-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген. Каныбек Исаков кеткенден кийин ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;

Билим берүү министри жаңы орун басарлуу болду
Бибигүл Кошоева, 47 жашта. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы. Техника илимдеринин кандидаты, доцент;

Алтынбек Зулпукаров, 47 жашта. Кыргыз-өзбек университетинин сырттан окуу боюнча проректору. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;

Шайымбек Эгембердиев, 52 жашта. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, маалыматтык технологиялар кафедрасынын доценти. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалганына байланыштуу анын орду бош турган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.