Радио

Адис Кыргызстандагы сапаттуу көмүр кайда казыларын айтты

KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов бир көмүрдүн өлчөмү 25-50 миллиметр болушу керектигин, мындай көмүр көпчүлүк мештерге туура келерин айтты.
Sputnik
Адис Кыргызстандагы сапаттуу көмүр кайда казыларын айтты

Отун көп жагылганы менен үйдү жакшы жылытпай, мештен чыккан түтүн үйдүн ичине кетип жатса, аны тазалап же алмаштыруу зарыл. Бул тууралуу Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир квадрат метрге саатына 450 киловаттан ашык электр энергиясын колдонсок, ал эми Европанын алдыңкы мамлекеттери 150 киловатт энергияны сарпташат.

"Бир нече жыл мурун өлкөдөгү көмүрдүн өзгөчөлүгүн, чыккан жериндеги жана сатылган баасын изилдеп көргөнбүз. Кыргызстанда чыккан бардык көмүрлөр жакшы жылытат. Көмүр казылып алынган жерине жараша айырмаланат. Эң кымбат жана жогорку сапаттагы Сүлүктүнүн көмүрүнөн күл аз чыгат. Баасы 13-14 миңге чейин барат. Андан башка Кара-Дөбө жана Сары-Жаздын да көмүрү сапаттуу. Көмүр жакшы күйүшү үчүн майдасын суулап жакшы күйүп жаткан отундун үстүнө салып, кычкылтектин киришин көзөмөлдөп туруу зарыл. Ал эми күлү — радиоактивдүү уулуу зат, аны бир гана жолдогу аңдарга же тайгалакта кумдун ордуна колдонуу керек", — деди Кулумбетов.

Ал мүмкүнчүлүк болсо сертификаты бар жана коопсуз меш казандарын сатып алуу керектигин сунуштады.