Карылыкты кечеңдеткен 10 азыктын тизмеси

Үч ай бою жашылчаны тынбай жеген адамдын териси жакшырып, картаюу процесси жайлап калат. Себеби теринин ультрафиолеттен коргонуусу 33 пайызга жогорулайт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Гарвард университетинин (АКШ) адистери карылыкты кечеңдеткен 10 азыктын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Теринин көрүнүшүн помидор жакшырта алат. Себеби анын курамында ликопин антиоксиданты бар. Ошондой эле жашылча "А" жана "С" витаминдерине бай болгондуктан теринин жаңыланышына шарт түзүлөт.

Шайтандан коркуу оору менен байланыштуу. Окумуштуулардын иликтөөсү
Изилдөөлөр үч ай бою күнүгө жашылча жеген адамдардын терисинин ультрафиолеттен коргонуусу 33 пайызга жогорулаганын көрсөткөн. Бул, албетте, теринин карышын жайлатат.

Көк чай дагы пайдалуу. Ал териге гана эмес, тамырларга дагы оң таасирин тийгизет.

Лосось балыгы омега-3 кислотасына бай, ал коллагенди сактайт. Адистер брокколи менен жаңгактарды жегиле деп сунуш беришти. Себеби алардын курамындагы темир менен цинктин, А, Е, В6, В12 витаминдеринин жардамы менен теринин абалы жакшырып, ультрафиолеттен мыкты корголот.

Көңүлдү олив майына, кара моюл менен кара шоколадга дагы бурган оң. Алардын курамында териге пайдалуу микроэлементтер көп.