Бишкекте комузчу, акын жана мүнүшкөр Чалагыз Иманкулов эскерилет

Чалагыз Иманкулов комузчу эле эмес, комузга үн кошуп ырдаган ырчы-жомокчу катары да таанымал. Жүздөн ашык элдик жана белгилүү комузчулардын күүлөрүн аткарган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чебер комузчу, акын Чалагыз Иманкуловдун 130 жылдыгына арналган "Кыргыздын залкар таланты" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул туурасында аталган китепканадан кабарлашты.

Иш-чара бүгүн,5-ноябрда, саат 11:00дө башталат.

Көргөзмөдө Чалагыз Иманкуловдун китептери, гезит-журналдык материалдар, макалалар, цитаталар орун алган. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, акын-жазуучулар, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылган.

Керемет үндүү Муса Баетов: Кремлде аккан көз жаш, 47 жашта өчкөн өмүр
Чалагыз Иманкулов (өз аты Абдылда) 1889-жылы Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган. Медреседен сабатын жойгон. 14 жашынан баштап комуз черткенди айылдашы уста Адыраңдан үйрөнгөн. Эрезеге жеткенде алгыр куш таптап мүнүшкөр болгон жана мылтык атып аңчылыкты кесип кылган, тери менен булгаары ийлеп чырга жасаган, томого тиккен. Жыгач кармап, комуз чапкан. Жаш кезинен жамактап ыр чыгарып, жарамазан айтып, кыргыз менен казактын оозеки эл дастандарынан жатка үйрөнүп жүрүп, кийин шыгы жетилген кезде адабий чыгармаларды жараткан. Айыл кеңешинин төрагасы 1933-1953-жылдары радиокомитетте, Кыргыз драма театрында, Кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген.

Анын өз ысымы менен басма сөз бетине тунгуч жарыяланган чыгармасы "Көк жорго" ыры 1936-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитине басылган. Ошондон баштап артист, уламачы-жомокчу жана мүнүшкөр гана эмес, ыр жана кара сөз түрүндөгү чыгармаларды жазган акын-жазуучу катары коомчулукка белгилүү боло баштаган. Айрым ырлары мезгил-мезгили менен гезит-журналдарга жарыяланган. Калктын калың катмарынан чыккан табигый ышкысы бар киши эл ичиндеги өнөрдүн көбүнөн куру калган эмес.

Бул инсан жалаң гана комузчу эмес, комузга үн кошуп ырдаган ырчы-жомокчу катары да таанымал. Жүздөн ашык элдик жана белгилүү комузчулардын күүлөрүн аткарган.

"Такмаза", "Чоң кербез, "Кара өзгөй", "Mac күйөө", "Үч коо", "Тунгуч Камбаркан", "Ботой", "Серкебайдын арманы", "Кең-Күнгөй, "Кош катырма", "Бурулчанын селкинчек", "Жанар куш", "Шыңгырама" жана башка күүлөрдү черткенди өздөштүрүп, таланттуу комузчулардын катарына кошулган. Өзү да "Кубаныч", "Чыңтолгоо", "Кыз кыял", "Жеңиш", "Камбаркан", "Чайкама", "Улуу устатым" аттуу күүлөрдү чыгарган. Иманкулов жеке эле комузга күү чыгарбастан, проза жанрында да эмгектенген. Акындын "Нур заман" (1955), "Манат" (1957), "Чынтемир" (1961), "Замандашым", "Комузум" (1964), "Үч кыз" (1965), "Өмүр элестери" (1970) жыйнактары басылып чыккан.

Боогачы Жакыпбек уулу — залкар лирик акын
Кыргыз искусствосунун (1939) жана кыргыз адабияты менен искусствосунун (1958) Москва шаарында өткөн декадаларына да катышкан.

Акындын көркөм адабияты менен маданиятка сиңирген эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган. 1950-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, 1970-жылы "Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам берилген.

"Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн", Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен менен сыйланган.

Чалагыз Иманкулов 1980-жылы дүйнөдөн кайткан.