Эл бажы ишинен күмөнсүйт. Абылгазиев жаңы жабдылган "Торугарт" пунктун көрдү

Бүгүнкү күндө 14 көзөмөл-өткөрүү жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда "Эркеч-Там" өткөрмө жайынын ачылышы болот.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуна коюлган жүк кароочу инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөт. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

"Орнотулган система ноябрь айынын аягында ишке берилет. Учурда ар бир өлкө рыноктогу орун үчүн күрөшүүдө. Бул кадыресе көрүнүш. Жүк ташуучулар алып келген жүктү текшерүү системасын жакшыртуу — маанилүү милдеттердин бири. Биздин өлкөнүн ЕАЭБ стандарттарына жооп берген заманбап текшерүү системасына өтүүсү — бул бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүп жатканыбызды айтып турат", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев өткөрмө пунктту көрүп чыгып, жарандар арасында Бажы кызматынын ишине ишенбөөчүлүк бар экенине токтолду.

"Алар бажы жыйымдарынын бир бөлүгү кассадан тышкары кетет деп эсептешет. Биз Бажы кызматынын ишинин ачыктыгын көрсөтүшүбүз керек. Канча жүк келип, бажы көзөмөлүнөн кантип өтүп жатканын онлайн режимде көрүп турууга мүмкүнчүлүк болушу шарт", — деди премьер.

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолугуп, чек араны талкуулашты
Аталган жабдууну алууга Россия жардам берди. Кыргызстандын ЕАЭБ "Жол картасын" ишке ашыруусу үчүн Россия техникалык жабдууга 120 миллион долларын бөлгөн.

Бажыдагы маалыматтык система 2013-жылдан бери Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 14 көзөмөл-өткөрүү жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда "Эркеч-Там" өткөрмө жайынын ачылышы болот.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда "Торугарт" өткөрмө пункту эл аралык макамга ээ, ал күнү-түнү иштейт. Мында мамлекеттик көзөмөлдүн чек ара, бажы, транспорттук, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык түрлөрү жүргүзүлөт.