Мыйзамсыз курулуш көрсөңүз айтыңыз, түрттүрөбүз! Мэрия шаардыктарга кайрылды

Маалыматтарды Bishkek 312 тиркемеси, Facebook, Instagram, Twitter тармактары жана атайын номер аркылуу жиберүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагынан мыйзамсыз курулуштарды көрсөңүздөр кабарлап коюңуздар, түрттүрөбүз! Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, билдирмелерди мурдагыдай эле Bishkek 312 тиркемеси аркылуу жөнөтүүгө болот.

"Ошондой эле шаардыктар мэриянын Facebook, Instagram, Twitter тармактарындагы баракчаларына катталып ыкчам маалыматтарга ээ болуу менен суроолорун дагы бере алышат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, фотофактыларды 0703633833 номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүүгө болот.