Трамп кийинки жылы качкындарды кабыл алууну чектейт

2017-жылы АКШ 110 миң бозгунду кабыл алган. Быйыл 30 миң адам Америкага башпаанек издеп барган. Эми чектөө коюлмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп 2020-жылы 18 миң гана качкынды кабыл алуу боюнча буйрукка кол койду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Трампка импичмент жарыялоо процедурасы расмий башталды
Эки жыл мурда АКШ кабыл алган качкындардын саны 110 миңге жеткен. 2019-жылы мамлекет 30 миң адамды кабыл алган.

Президенттин буйругу боюнча квоталар категорияларга бөлүнгөн. Ага ылайык, диний азчылыкта болуп, куугунтукка алынган 5 миң киши, 4 миңи — АКШга жардам бергендер жана анын жарандары менен байланышы бар ирактыктар, ошондой эле 1,5 миң адам Сальвадор, Гватемала жана  Гондурастын өкүлдөрү болмокчу. Калган 7,5 миң адамды башка категориядагылар түзөт.

"Кабыл алына турчу качкындардын жеткен чеги — 18 миң", — деп айтылат Трамптын буйругунда.

Дональд Трамптын шайлоо алдындагы убадаларынын бири иммиграцияны азайтуу болчу. Президенттин саясий атаандаштары АКШ качкындарды кабыл алган жагынан дүйнөлүк лидер макамын жоготту деп жемелешүүдө.