ТАШКЕНТ, 1-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкентте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Афганистандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолукту.
Анда Абылгазиев Абдуллага Кыргызстандын Афганистандагы этникалык кыргыздарга берген жардамын колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Улуу Памир менен Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга кыргыз өкмөтү тарабынан берилген гуманитардык жардамды колдогонуңуздар үчүн рахмат. Берилген жардам бул эки мамлекеттин байланышын, мамилесин чыңдоого болгон аракет", — деди ал.
Абылгазиев, андан сырткары, Афганистан акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесин чыңдап жатканы жакшы жышаан экенин кошумчалады.
Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстан тараптан премьерден тышкары вице-премьер Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов, жол жана транспорт министри Жанат Бейшенов, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдаралиев, тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн эксперти Эрлан Үсөнбаев катышты.