Пресс-борбор

SputnikPro: Усенбаева: коомго пайда алып келген журналист болуш керек

Sputnik агенттигинин кабарчысы студенттерге кызыктуу материалдар кантип жараларын түшүндүрүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Таалайгүл Усенбаева студенттерге "ЖМКнын адам тагдырына тийгизген таасири" аттуу мастер-класс өттү.

Окутууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин жана Кыргызстан эл аралык университетинин журналистика факультетинин студенттери келди.

Усенбаева студенттерге ЖМКнын күчү адам тагдырын тез эле өзгөртүп коюшу мүмкүн экенин айтып берди.

"Журналисттин коомго пайдасы тийиши керек. Ал бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө. Кайрылган, жардам сурап келген адамдын көйгөйүн тийиштүү мамлекеттик органдарга жеткирип, аягына чейин каарманы менен "жашаш" керек. Албетте, баарына эле жардам бере албайсың. Бирок 100 адамдын ичинен бирөөнүн тагдырын жакшы жакка өзгөртүп, ага жардам бере алсаңар, анда силердин эмгек текке кетпеген болот", — деди Усенбаева.

Усенбаева студенттерге кызыктуу каармандар тааныш, дос, туугандарынын эле арасынан чыгышы толук мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле элге көбүрөөк аралашып, алар менен сүйлөшүп, баарлашууга кеңеш берди.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

SputnikPro: Максутова: окурманга такталбаган маалыматты бербеш керек
Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги — дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат. Анын Токиодон Монтевидеого чейинки аймактагы редакциялары жана маалымат борборлору жаңылыктарды күнү-түнү жазып турат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты. Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт.

Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт.