Шаардыктарга жылуулук кантип берилет. ТЭЦтин ичинен тартылган сүрөт

Быйыл 1-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы көп кабаттуу имараттар менен социалдык объектилерге жылуулук берүү пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы Бишкек ТЭЦинде жылуулук кантип иштелип чыгып, шаардыктардын үйүнө чейин жете турганын айтып беришти.

Быйыл 1-ноябрдан тарта жылуулук берүү пландалууда

Бишкек ТЭЦи электр энергиясын иштеп чыгарып, ошол эле учурда жылуулук да берет.

"Бишкек ТЭЦи сууну Чоң Чүй каналы менен "Шаарсууканалдан" алат. Бирок ал буу казандарга түшкөнгө чейин бир нече химиялык этаптан өтөт. Анын сапаты дарыканада сатылган дистрленген суудай. Мунун баары химиялык цехте электр энергиясын иштеп чыгуу жана жылуулук берүү үчүн жасалат", — дешти маалымат кызматтан.

Бишкек ТЭЦи кышка даяр болду
Тазаланган суу өнөр жай жылуулук механикалык жабдуулардын иштеши үчүн керек. Химиялык жол менен тазаланган суу буу казандарга түшүп, бууга айланат. Казан мештин бийиктиги 32 метр. Мештерди ысытуу үчүн көмүр, газ жана мазут жагылат. Кышында суук 20 градуска жеткенде казан мештердин толук иштеши үчүн суткасына 8-9 тонна көмүр сарпталат.

Шаардыктардын үйүн жылытуу үчүн колдонулган суу кайта ТЭЦке келет. Үйлөрдү жылуу кармап туруу үчүн саатына 17 миң тонна сууну айлантып туруу керек. Системаны толук ишке киргизүүгө үч сутка кетет. Жылуулук ТЭЦке жакын жайгашкан үйлөргө биринчи келет.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.