Калаа башчысы Суракматов вице-мэрлердин ишине нааразы болду

Мэр шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте жыйын куруп, жаңы парктарды куруу, жылуулук сезону, жаңы автобустарды алуу, социалдык объектилердин абалы, киреше жана чыгашалар тууралуу талкуулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов вице-мэрлердин ишине нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Суракматов шаардык кызматтар жана бөлүм жетекчилери менен жыйын курган.

Башкы архитектор Асхат Тулебердиев Түштүк магистралда жайгаша турчу жана "Ден соолук" паркынын долбоорун көрсөттү.

"Шаар башчысы турак жай-коммуналдык чарба жагын тескеген вице-мэр Мирлан Амантуровго жана шаардык кызматтарга парктын курулушун ишке ашырууга жана чыгымын эсептеп чыгууга тапшырма берди. Ал эми куруучу менен архитекторлорго парктын техникалык документтерин, инженердик-техникалык негиздемесин бүтүрүүгө, долбоордун эскиздерине экспертиза жүргүзүлүшү керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Азамат Сагындык уулу шаар мектептериндеги жерлерди мыйзамдаштыруу иштери боюнча маалымат берген. Суракматовдун табыштамасы менен 109 мектептин 90у мэрияга кайтарылган.

Шаар мэри дагы бир ирет жаңы автобустарды сатып алуу маанилүү экендигин, маршруткалар тыгын жарата турганын билдирди.

Мэр Бишкектин үйлөрүнө жылуулук берүүнү тапшырды
Биринчи вице-мэр Алмазбек Бакетаев шаардык кызматтар менен түзүмдүк бөлүктөрдө жалпы аудитордук текшерүү жүрүп жатканын айтып, бардык чыгымдар тууралуу маалымат ачык түрдө сайтка жүктөлөт деди.

Суракматов акимдер менен салык кызматынын райондук башкармалыктарынын биргелешип иш алып баруусунун жыйынтыгына нааразы болгон. Тагыраагы, киреше боюнча план толук аткарылган эмес. Көбүнчө шаардыктар жеке киреше салыктан, сатык жана транспорт салыгынан "качары" айтылат.

"Тазалык" муниципалдык ишканасын башкарган Рыспек Сарпашевге таштанды чыгаруу кызматынын наркын карап чыгууга жана санитардык тазалоонун сапатын жакшыртууга тапшырма берди.