Абдыкалыковдун "Жөө күлүгү" Мароккодо көрсөтүлөт

Тасмада өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйү көтөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы Мароккодо көрсөтүлөт. Бул туурасында кинонун продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, Марокконун борбор калаасы Рабат шаарында XXIV эл аралык автордук кинофестивалы өтүп, "Жөө күлүк" конкурстан сырткары тартууланмакчы.

"Бул кинофестиваль Африка өлкөлөрүндө өзгөчө орду бар, жергиликтүү көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытып, көптөгөн адистердин кызыгуусун жаратып келет. Фестиваль 16-22-ноябрь күндөрү болуп, дүйнөнүн ар тарабынан чогулган 70ке чукул тасма коюлат", — деди Койчуманова.

Автордук кинолордун эл аралык фестивалы (FICAR) 1994-жылы негизделип, жыл сайын өтүп турат.

Илгиз Шернияз: кино тартып дүйнө кыдырса болот
Режиссер "Жөө күлүктө" үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн өспүрүм Жекшендин баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт.

Кадимки айыл турмушунда Жекшен оор сыноолорду башынан кечирип, чоңдордун маселесин өзү чечүүгө мажбур болот. Ошол эле учурда балалык сезимдерден да кур калбайт. Табиятынан күлүк бала мектептеги жарыштарга, тушоо тойлорго катышып атаандаштарын артта калтырат. Кинокартинада адамдык мамиле, достук, ынактык жана сүйүү темасы чагылдырылат.

Эске салсак, "Жөө күлүктүн" дүйнөлүк премьерасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтүп, кино сынчылардын ФИПРЕССИ сыйлыгына ээ болгон.