Текебаев менен Чотоновдун үй камактагы мөөнөтү узартылды

Белгилей кетсек, соттун Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин териштирүүгө берген эки айлык убактысы бүгүн, 28-октябрда, аяктады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үй камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи Май райондук сотунун өкүлү Асел Равшанбекова билдирди.

Белгилей кетсек, соттун териштирүүгө берген эки айлык убактысы бүгүн, 28-октябрда, аяктады. Андыктан сот алардын баш коргоо чарасын карап, мөөнөттү дагы эки айга узартты.

Эске салсак, экс-депутат менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын сот 29-августта өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Текебаевдин ишин кайра кароо: жаңы күбөлөрдүн аты аталды. Сүрөт
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.