Мурдун оңдотом деген 13 жашар кыз көзүнөн ажырады. Операциянын кесепети

Окуя Вьетнамда болгон. Өспүрүм косметикалык операцияны эч кимге айтпай туруп жасаткан. Качан гана башы чыдатпай ооруп, көрүүсү начарлай баштаганда ата-энесин чакырып, ооруканага барган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Вьетнамда 13 жашар кыз пластикалык операциядан кийин көзүнөн ажырап калганын AsiaOne басылмасы жазды.

Өспүрүм мурдунун формасына көптөн бери нааразы болуп келгени айтылат. 21-октябрь күнү ата-энесине айтпай спа-салонго барып, мурдун коррекциялоо үчүн косметикалык процедурадан өтөт. Операцияга төлөнчү эки миллион донгу (5,5 миң рубль) жок экенине карабай салондун ээси акыны бөлүп алууга да макул болот. Ал эми операциянын өзү гиалурон кислотасынын инъекциясы менен жасалмак.

"Ийне сайылгандан кийин жарым саат өтүп-өтпөй кыздын жүрөгү айланып, башы менен оң көзү чыдатпай ооруй баштайт. Көрүүсү начарлап баратканынан ата-энесине чалып, алар кызды ооруканага алып жөнөшөт. Дарыгерлер гиалурон кислотасы көздүн торчосун кычкылтек менен камсыз кылып турган кан тамырды жаап калганын аныкташкан", — деп айтылат маалыматта.

Кан айлануунун бузулушу торчону, мурун менен чекедеги ткандардын бөлүктөрүнүн жансызданышына алып келген. Адистер жабыр тарткан көздү калыбына келтирүү дээрлик мүмкүн эмес деген пикирде экенин айтышты.