Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты алчулар ноябрдын башында белгилүү болот

Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Эрте келген турналар" повести тууралуу кызыктуу 7 факты
Ага ылайык, эми комиссия 8-ноябрга чейин талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алышы зарыл.

Эске салсак, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Сыйлык 11 номинация боюнча эки жылда бир жолу ыйгарылат.

Негизги максаты - жаштарды мекенди сүйүүгө, демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратуу үчүн чыгармачылык топторду тартуу болуп эсептелет.