Мэрия Бишкектин Москва көчөсүндөгү люктар ачык экенин эскертти. Сүрөт

Москва көчөсү оңдоо үчүн сентябрдын аягында жабылган болчу. Ремонт иштери "Бишкек шаарынын автожолдорун калыбына келтирүү" гранттык долбоорунун алкагында ишке ашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектин Москва көчөсүнө асфальттын биринчи катмары төшөлгөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

26-февралда оңдоо иштери менен архитектура жана курулуш иштери боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев барып таанышкан.

Ага ылайык, учурда Москва көчөсүнүн Панфиловдон Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө люктарды түздөө иштери жүрүп жаткандыктан, алар убактылуу ачык калтырылган. Андыктан калаа бийлиги тургундарды этият болууга чакырат.

"Жолду оңдоо иштери график боюнча 1-ноябрга карата толук бүткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Жолду China Road & Bridges Corporation корпорациясы аткарып жатат. Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автожолдорун калыбына келтирүү" гранттык долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Москва көчөсү оңдоо иштерине байланыштуу сентябрдын аягында жабылган болчу.