Бишкекте тез жардам унаасы жеңил машина менен кагышты. Видео

Жол кырсыгы борбор калаанын чок ортосунда, Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Болжолдуу маалыматка ылайык, андан эки адам жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте медициналык борборлордун биринин атайын унаасы менен Toyota Camry үлгүсүндөгү жеңил автокөлүк кагышты.

Маалыматты Бишкек шаарынын Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. Жол кырсыгы жекшемби күнү саат 7:30дар чамасында Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги ИИМдин имаратынын жанында болгон.

Кырсыктан кийинки видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Болжолдуу маалыматка ылайык, окуядан эки адам жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайы такталууда.