Арыктасын деп спорт залга алып келинген мышык машыкпай жатат. Күлкүлүү видео

Мышыктын ээлери ал ашыкча салмактан арылсын деген максат менен ветеринардык клиникага алып келишкен. Бирок биринчи эле машыгууларда мышыктын арыктайын деген ою жок экени байкалган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Социалдык тармакта арыктагысы келбеген семиз мышыктын видеосу тездик менен тарап жатат.

Окуя АКШнын Беллингхэм шаарында (Вашингтон штаты) болгон. Шлакоблок аттуу мышыктын ээлери аны арыктасын деп ветеринардык клиникага алып келишкенин Metro басылмасы жазды.

​Ветеринарлардын айтымында, мышыкка универсалдуу көнүгүүлөр тандалган. Атап айтканда, суу толтурулган атайын жерде басуусу керек болчу. Бирок биринчи машыгууда эле Шлакоблоктун арыктоого ниети жок экени байкалган. Анын видеосу Twitter баракчасына жарыяланды.

Шлакоблок жалкоолугуна карабастан дарыгерлердин сүйүктүү жаныбарына айланган.