Бишкекте Баткен согушунан көз жумган жоокерлер эскерилди. Сүрөт

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу менен "26-октябрь — Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнү" деп белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте Баткен окуясынын 20 жылдыгына карата жана согуш учурунда көз жумган жоокерлерди эскерүү максатында митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынан билдиришти.

Мындан туура жыйырма жыл мурда, 1999-жылы Кыргызстанга Өзбекстандын ислам кыймылынын (ӨИК) согушкерлери басып кирген. Кыштактагы бир катар жашоочулар барымтага алынып, жергиликтүү тургундар набыт болгон ошол апаат кийин "Баткен окуясы" деп аталып калды. Анын катышуучулары "Баткен согушу" деп да атап жүрүшөт. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу менен "26-октябрь — Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнү" деп белгиленген.

"Бүгүн, 26-октябрда, Баткен коогалаңынын башталышынын 20 жылдыгына карата Баткенде курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлду. Андан соң Башкы штабдын жетекчилиги, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы, ардагерлер уюмунун өкүлдөрү, Баткен жоокерлеринин Республикалык кеңеши, Баткен жоокерлеринин комитети, Бишкек шаарынын мэриясынын, дин өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдар жана курман болгондордун жакындарынын катышуусунда митинг-реквием өттү", — деп айтылат маалыматта.

Бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин асманга үч ирет ок атылды.

Согушкерлердин кыргыз кыштагына салган кыргынына күбө болгон адамдардын маегин Sputnik агенттигинин материалынан көрүңүздөр.