Планетанын эң бай адамы бир түндө 7 млрд. долларын жоготту

Бүгүнкү күнү Безостун байлыгы 114 миллиард долларды түзөт. Быйыл ал аялы менен ажырашуу процесстеринен улам 46 миллиард долларынан кол жууду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос ишкананын акциясы түшүп кеткенине байланыштуу бир түндө 6,9 миллиард долларын жоготту. Бул тууралуу CNBC телеканалы кабарлады.

Кечээ, 24-октябрда, Amazon үчүнчү кварталдагы кирешесинин отчётун берген. Бирок инвесторлорду анын жыйынтыгы канааттандырган эмес. Мунун айынан компаниянын акциясы 9 пайызга түшүп кеткен. Безос компаниянын 57,6 миллион акциясына ээлик кылат.

Чириген байлар кайсы шаарда көп? Forbes рейтинги
Эгер акция дагы төмөндөй бере турган болсо, Безос эң бай адамдардын тизмесиндеги биринчи сапты Билл Гейтске берип калышы ыктымал.

Forbes журналынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Безостун байлыгы 114 миллиард долларды түзөт. Бул былтыркы жылга караганда 46 миллиардга аз. Жоготуулар негизинен Жефф Безостун жубайы Маккензи менен ажырашуу процесстерине байланыштуу. Forbes басылмасынын жазганына караганда, бул ажырашуу дүйнөдөгү эң кымбат ажырашуу болду. Маккензи мурдагы күйөөсүнүн Amazon компаниясындагы үлүшүнүн төрттөн бир бөлүгүн алды.