Немис футболчусу акылга сыйбас гол киргизген видео

Бундеслиганын быйылкы сезонунда 25 жаштагы немис футболчусу сегиз мелдешке катышып эки гол киргизген. Оюндун видеосу Twitter каналына жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Немистердин "Лейпциг" клубунун жарым коргоочусу Марсель Забитцер чемпиондор лигасынын турниринин тайпалык беттешинде "Зениттин" дарбазасына укмуштай гол киргизди.

Голдун видеосу Матч ТВ телеканалынын Twitter баракчасына жарыяланды.

​Мелдеш Германияда өтүп, 59-мүнөттө Марсель Забитцердин тепкен тобу атаандашынын дарбазасына кирген.

Бундеслиганын быйылкы сезонунда 25 жаштагы немис оюнчусу сегиз мелдешке катышып эки гол киргизген.