Хиджабы шыпырылган футболчу кызды атаандаштар калкалап калды. Видео

Оюн маалында иорданиялык оюнчу атаандашынын жоолугун башынан шыпырып кете жаздайт, ал баш кийимин отура калып оңдой баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-окт. - Sputnik. Иорданиянын аялдар арасындагы футбол чемпионатында талаа ээлери башынан хиджабы түшүп бара жаткан атаандашын элге көрсөтпөй тосуп калышты. Бул тууралуу RT телеканалы жазды.

Окуя палестиналык жана иорданиялык кыз-келиндер беттеши учурунда болду.

​Оюн маалында иорданиялык оюнчу атаандашынын жоолугун башынан шыпырып кете жаздайт, ал отура калып баш кийимин оңдой баштайт. Ошол маалда атаандаш команданын оюнчулары аз жерден жылаңбаш кала жаздаган кызды элге көрсөтпөй тегеректеп калат. 

Оюн ошол маалда жарым мүнөттөй токтоп, трибунадагы эл спортчу кыздардын бул кылганына баа беришти.